Террордук уюм ПККга карата "Эрен" операциялары жүргүзүлүүдө

Тендүрек, Лиже, Арарат тоосу, Карлыова -  Варто, Багок, Мергело, Мержан  -  Мунзур, Аманослар, Казан өрөөнү жана Габар аймактары болгон 10 башка аймакта «Эрен» операциялары улантылууда.

1587261
Террордук уюм ПККга  карата "Эрен" операциялары жүргүзүлүүдө

Ички иштер министрлиги 10 башка аймакта жүргүзүлгөн «Эрен» операцияларында ПКК жикчил террордук уюм кышкы базасынын жер менен жексен кылынгандыгы, уюмдун логистикалык түзүлүшүнө оор сокку уралгандыгы билдирилди.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда жикчил террордук уюм шейит кылган Эрен Бүлбүлдүн элесине карата башталган «Энер» операциялары ийгиликтүү улантылууда.

Жандармериянын атайын операциялары, жандармерия командирлери, полициянын атайын операциялары жана күзөт кызматкерлери катышкан «Эрен» операцияларында уюмдун кышкы базасына оор сокку урулду.

25 үңкүр, ок  - дары сакталган жерлер жардырылган операцияларда  4 пулемет, 4 снайпер, 22 жөө мылтык, 5 тапанча, 9 мылтык, 36 граната, 27 колдо жасалган жарылуучу зат, 201 килограмм жарылуучу зат, 10 250 даана ок-дары, көптөгөн куралдарга жана уюмдарга таандык документтер, медициналык жана турмуштук материалдар менен 439 килограмм кара куурай колго түшүрүлдү.

Тендүрек, Лиже, Арарат тоосу, Карлыова -  Варто, Багок, Мергело, Мержан  -  Мунзур, Аманослар, Казан өрөөнү жана Габар аймактары болгон 10 башка аймакта «Эрен» операциялары улантылууда.



Тектеш кабарлар