Министр Алтун Кытайдын Түркиядагы элчиси менен жолугушту
Алтун Твиттердеги билдирүүсүндө жолугушуу жөнүндө төмөнкү сөздөрдү бөлүштү:
1587173
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Кытай Эл Республикасынын Анкарадагы элчиси Лю Шаобин менен жолугушту.
Алтун Твиттердеги билдирүүсүндө жолугушууга байланыштуу төмөнкү сөздөрдү бөлүштү:
«Биз Кытай Эл Республикасынын элчиси Лю Шаобин менен Коммуникация башкармалыгыбызда жолуктук. Президентибиздин кытайлык кесиптешине билдирүүлөрүн Шаобин мырзага жеткирдик, ошондой эле Ковид-19 вакцинасы темасындагы кызматташтыгыбыз менен бирге эки тараптуу мамилелерибизди талкууладык»,-деди.