Министр Акар Түрк деңиз күчтөрүнүн «Гүр» суу астында жүрүүчү кемесин көрүп чыкты

Министр Акар Измирдеги Фоча деңиз базасынын командачылыгына барып, «Гүр» суу астында жүрүүчү кемесинде командир жана кызматкерлерден кеме жана анын милдеттери жөнүндө маалымат алды.

1587401
Министр Акар Түрк деңиз күчтөрүнүн «Гүр» суу астында жүрүүчү кемесин көрүп чыкты

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн (TSK) командирлери менен биргеликте Эгей жана Жер Ортолук деңизинде көптөгөн маанилүү тапшырмаларды аткарган Түрк деңиз күчтөрүнүн «Гүр» суу астында жүрүүчү кемесинде текшерүү жана иликтөөлөрдү жүргүздү.

Министр Акар Измирдеги Фоча деңиз базасынын командачылыгына барып, «Гүр» суу астында жүрүүчү кемесинде командир жана кызматкерлерден кеме жана анын милдеттери жөнүндө маалымат алды.

Суу астында сүзүп жүрүүчү кеменин буга чейинки миссияларынын бирөөнү 38 күн бою деңиздин астында күн нурун көрбөй  ийгиликтүү аткаргандыгын билдирген Акар, оор шарттарда иштеген кызматкерлерди куттуктады.

Акар ошондой эле 50дөн ашуун кызматкер иштеген 62 метр узундуктагы 1400 тонналык суу астында жүрүүчү кемедеги куралдардын, тутумдардын жана шаймандардын жөндөмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алды.

Акар суу алдындагы перископту да өзү сынап көрдү.

«Гүр» суу астында жүрүүчү кемелер, курал-жарак жана атууну көзөмөлдөө тутумдары жагынан Түркиянын деңиз флотундагы эң алдыңкы кемелер болуп саналат.

2003-жылдан бери кызмат кылып келе жаткан «Гүр» суу астында жүрүүчү кемелер заманбап системалары менен мыкты күжүрмөн күчкө ээ.



Тектеш кабарлар