Дагы 412 тарыхый экспонат Түркияга алынып келинет

Бул тарыхый мурастар, борбор шаар Анкарадагы Анадолу цивилизациялары музейинде көргөзмөгө коюлат.

1587370
Дагы 412 тарыхый экспонат Түркияга алынып келинет

Маданият жана туризм министрлигинин, тарыхый экспонаттардын контрабандасына каршы күрөшүү иштеринин алкагында дагы 412 экспонат кийинки жумада Түркияга алынып келинет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда Венгриядан кайтарылган экспонаттар, расмий жолугушууларынан улам Венгрияга бара турган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна 25-февралда салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Министр Чавушоглу экспонаттарды Венгриянын тышкы иштер министри Петер Шийартодон өткөрүп алат.

Рим дооруна таандык мрамор айкел башы, мрамордон жасалган айкел, металлдан, жыгачтан жана таштан жасалган буюмдар менен монеталардан турган экспонаттар борбор шаар Анкарадагы Анадолу цивилизациялары музейинде көргөзмөгө коюлат.

Бул табылгалар 2015-жылы Венгриянын бажысында кармалган болчу.



Тектеш кабарлар