Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТО жыйыны тууралуу билдирди

Хулуси Акар : «Өлкөбүзгө карата лицензиялык чектөөлөр, санкция жана коркутуулардын союздаштыкты күчсөздөнткөндүгүнө союздаштарыбыздын көңүлүн бурдук».

1586548
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТО жыйыны тууралуу билдирди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТО коргоо министрлеринин жыйыны тууралуу : «Террор менен күрөшүүдө союздаштардын биримдик ичинде кыймыл кылышынын маанисин баса белгиледик»,- деди.

Видеоконференция аркылуу 2 күнгө созулган НАТО коргоо министрлеринин жыйынында Түркиянын атынан катышкан министр Акар : «Өлкөбүзгө карата лицензиялык чектөөлөр, санкция жана коркутуулардын союздаштыкты күчсөздөнткөндүгүнө союздаштарыбыздын көңүлүн бурдук»,- деди.

Союздаштар күчтүү болсо союздаштыктын да күчтүү болорун айткан Акар : «Террор менен күрөшүүдө союздаштар биримдик ичинде кыймыл кылуунун маанисин баса белгиледик»,- деди.

«Түркиянын НАТОго мүчөлүгүнүн 69-  жылын белгилеп : союздаштыктын ичинде активдүү роль ойноону жана союздаштык ичиндеги убадаларын кемчиликсиз орундатууну улантарын белгиледик»,- деди Акар.



Тектеш кабарлар