Тышкы иштер министри Чавушоглу менен Серге Лавров телефон аркылуу сүйлөштү

Р. Т. Эрдоган жана Россиянын президенти Путиндин Түркия  -  Россия карым  - катнаштарын өнүктүрө турган кадамдар менен аймактык маселелерди карап чыгышкан.

1586450
Тышкы иштер министри Чавушоглу менен Серге Лавров телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Россиялык кесиптеши  Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Дипломатиялык булактар Чавушоглу жана Лавровдун президент Р. Т. Эрдоган менен Россиянын президенти В. Путиндин кечээ өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө каралган темаларды изилдеп чыгышкандарын билдиришти.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта президент Р. Т. Эрдоган жана Россиянын президенти Путиндин Түркия  -  Россия карым  - катнаштарын өнүктүрө турган кадамдар менен аймактык маселелерди карап чыгышкандары  маалымдалган.

Президент Эрдогандын Тоолуу Карабахта ок атышпоонун сакталышы үчүн бардык темаларда биргеликте аракет кылышы керектигин айтканы да маалыматта билдирилип, сүйлөшүүдө Сирия менен Ливия маселесинин каралгандыгы  белгиленген.



Тектеш кабарлар