Түрк дүйнөсүнө климаттын өзгөрүшүнө каршы кызматташуу чакырыгы

Фуат Октай 1-Түрк дүйнөсүнүн метеорология форумунун катышуучуларына кайрылды.

1586958
Түрк дүйнөсүнө климаттын өзгөрүшүнө каршы кызматташуу чакырыгы

Вице-президент Фуат Октай, климаттын өзгөрүшүнө каршы өз-өзүнчө жүргүзүлгөн иш-аракеттердин ийгиликтүү болушу үчүн жалпы күрөштү жана кызматташтыкты күчтөндүрүү керектигин билдирди.

Фуат Октай Метеорология башкы башкармалыгынын Чукул башкаруу борборунда өткөрүлгөн 1-Түрк дүйнөсүнүн метеорология форумунун катышуучуларына кайрылды.

Дээрлик күн сайын дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан сел, бороон, кургакчылык жана токой өрттөрү жөнүндө кабарларды алып турушарын баса белгилеген Октай: «Өлкөлөрүбүзгө жана келечегибизге коркунуч туудурган климаттын өзгөрүшүнө каршы өз-өзүнчө жүргүзүлгөн иш-аракеттердин ийгиликтүү болушу үчүн жалпы күрөштү жана кызматташтыкты күчтөндүрүү абдан маанилүү»,-деди.

Өзгөчө метеорологиялык кырсыктар жөнүндө өз убагында жана так божомолдоо, эрте эскертүү жана бул кырсыктарга туруштук берүү темаларына чоң маани беришкендиктерин белгилеген Октай: «Климаттын өзгөрүшү кургакчылык, суу жана азык-түлүк кризиси менен адамдын ден-соолугу жана экономика сыяктуу жашоонун бардык тармактарын тынчсыздандырган көйгөйлөрдү жаратууда. Метеорологиялык өлчөөлөр жана божомолдор орто жана узак мөөнөттүү климаттын өзгөрүшүнүн алда канча кескин натыйжаларды алып келерин көрсөтүп турат»,- деди.

Октай экологиялык жана экономикалык жактан дагы көп зыянга учурабоо үчүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилиги астында эл аралык, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде улантышарын белгилеп, тажрыйба алмашууну Түрк дүйнөсүнүн метеорология бирлигинин чатырынын астында кеңири мекемелик түзүлүшкө жеткире ала тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар