Эрдоган Регаиб түнүнө байланыштуу билдирүү жарыялады

Регаиб түнү өлкөнүн жалпысында дубалар менен өткөрүлдү.

1586675
Эрдоган Регаиб түнүнө байланыштуу билдирүү жарыялады

Үч айдын жарчысы катары кабыл алынган Регаиб түнү өлкөнүн жалпысында дубалар менен өткөрүлдү.

Мечиттерде жарандар Регаиб түнүнөн улам намаз окуп, дуба кылышты.

Коронавирустук чаралардын алкагында жарандар беткап кийип, аралыкты сактагандары байкалды.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Регаиб түнүнө байланыштуу социалдык медиа баракчаларынан билдирүү жарыялады.

Эрдоган билдирүүсүндө: «Мен элибизди жана бүткүл Ислам дүйнөсүн Регаиб түнү менен куттуктаймын. Раббим бизди жана бүткүл адамзатты ар кандай кырсыктардан жана жамандыктардан сактасын. Регаиб түнүбүз куттуу болсун»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп дагы социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө, улутту жана Ислам дүйнөсүн Регаиб түнү менен куттуктады.



Тектеш кабарлар