АК партиянын каичысы Өмер Челик шейит болгон 13 түрк тууралуу АКШны сынга алды

Өмер Челик  : «АКШдан түрк демократиясына, сотуна сый көрсөтүшүн, террор менен күрөшүү тууралуу салым кошуусун күтөбүз».

1586514
АК партиянын каичысы Өмер Челик шейит болгон 13 түрк тууралуу АКШны сынга алды

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик  : «АКШдан түрк демократиясына, сотуна сый көрсөтүшүн, террор менен күрөшүү тууралуу салым кошуусун күтөбүз»,- деди.

Өмер Челик партиясынын Борбордук Чечим Аткаруу Кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берди. Челик Түндүк Ирактын Гара аймагындагы операцияга байланыштуу : «Бул операция ал жердеги террор элементтеринин тазаланышы жана боордошторубузду куткаруу максатында жүргүзүлдү»,- деди.

Челик Түркиянын союздаштарынан террор менен күрөшүү тууралуу колдоо күткөндүгүн белгилеп буларды айтты : «Операция учурунда 13 түрк жаранынын жикчил террордук уюм тарабынан шейит кылынышы тууралуу АКШ «Эгерде ПКК террордук уюм кылган болсо»  деген сөздөрдү колдонду. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен биз тааныган киши. Тажрыйбалуу дипломат жана Жакынкы Чыгышты мыкты билет. Түркиянын НАТО ичиндеги ролун, күчүн жана маанисин да абдан жакшы билет. Анын мамлекеттик катчылык мезгилинде ушундай маалыматтын берилиши олуттуу түрдө тергөөгө алынышы керек».

«Дүйнөнүн бардык жагында куралдуу күчтөрүбүз террорго каршы күрөшүп жатат. Эгерде силер куралдуу күчтөрдүн билдирүүсүнө ишенбесеңер  бул күрөш кандай улантылат?»,- деп сураган Челик, каршы чыгуулардан кийин  келген билдирүүлөрдүн жамааттык мүнөздө экендигин баса белгилеп жана башка тилдин  Түркия - Америка мамилелерине саботаж кылуу дегенди билдиргенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар