Түркия Нигериядагы кол салууну айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан билдирүү жарыяланды.

1585747
Түркия Нигериядагы кол салууну айыптады

Түркия, Нигерияда куралдуу топтор тарабынан мектеп-лицейге болгон жана бир окуучу набыт болуп, 40тан ашуун мугалим менен окуучуну уурдап кетишкен кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө, «Нигериянын Нигер провинциясына караштуу Кагара аймагындагы мамлекеттик мектеп-лицейге куралдуу топ уюштурган кол салууда 40тан ашуун мугалим менен окуучуну уурдап кетишкендиги жана окуя учурунда бир окуучу каза болгондугу терең кайгыруу менен угулду»,делди.

Нигериянын элине жана өкмөтүнө көңүл айтуу жана тилектештик айтылган билдирүүдө, «Биз бейкүнөө окуучуларга багытталган бул мыкаачылык кол салууну кескин айыптайбыз. Уурдалган окуучулар жана мугалимдердин тез арада аман-эсен үй-бүлөлөрүнө кайтып келүүсүн тилейбиз»,деген сөздөр орун алды.



Тектеш кабарлар