Түркия Крымдагы камакка алууларга каршылык көрсөттү

Крымда кечээ Орусиянын коопсуздук күчтөрү (ФСБ) Крым татар түрктөрүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүп, 6 кишини камакка алышкандыгы кабарланган болчу.

1586294
Түркия Крымдагы камакка алууларга каршылык көрсөттү

Түркия Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланган Крымдагы камакка алуу чечимдерине тынчсыздангандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Крымда кечээ эртең менен бир тууган Крым татар түрктөрүнүн үйлөрүнө жүргүзүлгөн тинтүүлөргө жана камакка алуу буйруктарына тынчсызданып жатабыз»,-делди.

Билдирүүдө: «Крым жарым аралынын маанилүү элементтери болгон Крым татарларына карата жасалган мындай мамилени токтотууга чакырабыз. Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбаган Түркия, Крым татарларына колдоо көрсөтүүнү уланта берет», деп маалымдалды.

Крымда кечээ Орусиянын коопсуздук күчтөрү (ФСБ) Крым татар түрктөрүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүп, 6 кишини камакка алышкандыгы кабарланган болчу.



Тектеш кабарлар