Түркия Азербайжандын жерлерин калыбына келтирүүдө активдүү роль ойнойт

Вице-президент Фуат Октай борбор шаар Анкарада Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен жолугушту.

1586182
Түркия Азербайжандын жерлерин калыбына келтирүүдө активдүү роль ойнойт

Түркия, Азербайжандын жерлерин калыбына келтирүүдө жана курууда активдүү роль ойнойт.

Вице-президент Фуат Октай борбор шаар Анкарада Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен жолугушту.

Президенттик комплексте өткөрүлгөн жолугушууда Октай, премьер-министр Асадовду жана аны коштоп жүргөндөрдү өз үйлөрүндө кабыл алгандыгы үчүн кубанычта экендиктерин билдирди.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын так көрсөтмөлөрү менен 30 жылдан бери туткунда турган Карабахтын жерлерин (Армениянын оккупациясынан) бошотууда акырына чейин Азербайжандын жанын болгонун баса белгилеп: «Биз бир элбиз жана аны көрсөтөбүз. Бир гана согуш талаасында эмес, ал аймактарды калыбына келтирүү жана куруу иштеринде да сиздер менен чогуу болобуз. Биздин алдыбызда абдан жакшы иштер бар», деп айтты.

Асадов болсо Карабах маселесинде болгондой эле Ковид-19 эпидемиясында да Түркиянын чоң колдоо көрсөткөндүгүн белгилеп бул колдоодон улам ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар