НАТО 13 түрк жаранынын шейит кылынышы боюнча көңүл айтты

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун Коргоо министрлеринин эки күндүк жыйынынын биринчи күнкү сессиясынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

1585935
НАТО 13 түрк жаранынын шейит кылынышы боюнча көңүл айтты

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Гарада «13 түрк жаранынын шейит кылынышын айыптайбыз» деп билдирип, шериктештер түрк эли менен тилектеш экендигин айтты.

Йенс Столтенберг видео конференция ыкмасы менен өткөрүлгөн НАТОнун Коргоо министрлеринин эки күндүк жыйынынын биринчи күнкү сессиясынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК тарабынан 13 түрк жараны шейит кылынганы тууралуу суроого жооп берген Столтенберг,Түркияга көңүл айтты.

Столтенберг, кыргынга күнөөлүүлөрдү катуу айыптагандыгын баса белгилеп, «Шериктештер Коргоо министрлеринин бүгүнкү жыйналышында көңүл айтышты. Шериктештер түрк эли менен тилектеш”,-деди.



Тектеш кабарлар