Эрдоган:«Терроризмге каршы күрөшүү бардык талаштардан жогору турушу керек болгон улуттук маселе»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Президенттик кабинеттин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1585752
Эрдоган:«Терроризмге каршы күрөшүү бардык талаштардан жогору турушу керек болгон улуттук маселе»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Терроризмге каршы күрөшүү маселеси бардык саясий талаштардан, эсептөөлөрдөн жана күнүмдүк полемикалардан жогору турушу керек болгон улуттук маселе»,-деди.

Эрдоган, Президенттик кабинеттин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Президент Эрдоган: «Түркияга карай террордон төңкөрүшкө чейин ар кандай ыкманы колдонуп чөгөлөтүүгө аракет кылгандарга каршы биздин улутубуз көз карандысыздыгын жана келечегин жанын аябай коргоп тарыхый сабак берди»,-деп айтты.

Эрдоган төмөнкүлөрдү белгиледи: «2015-жылдын июль айынан бери чек арабыздын ичинде жана тышында жүргүзүлгөн операцияларда шейит кеткендердин саны 401 аскер, 443 жандарм, 299 полиция кызматкери, 116 күзөтчү болуп бардыгы 1 миң 259. Ал эми өлкө ичинде 6 миң жана чет өлкөдө 6 миң 900 болуп жалпы 12 миң 900дөн ашуун террорист жок кылынды. Зыянсыздандырылган террористтердин саны 17 миң 750гө жетти».

«Биздин өтмүшүбүздө эч бир жерди же коомду эксплуатациялаганы жөнүндө айып жок, болгон эмес жана болбойт»,деген Эрдоган: «Кара чайырдан бетер абалдары менен өлкөбүзгө адамгерчилик, укук, акыйкаттык, эркиндик жана демократия сабактарын  берүүнү көздөгөндөргө, мен алгач күзгүгө карангыла жана өзүңөрдүн чыныгы жүзүңөр менен беттешкиле деп айтам»,-деди.

Президент: «Терроризмге каршы күрөшүү маселеси бардык саясий талаштардан, эсептөөлөрдөн жана күнүмдүк полемикалардан жогору турушу керек болгон улуттук маселе»,-деп так айтты.



Тектеш кабарлар