Алтун НАТО өлкөлөрүн террор менен күрөшүү жаатында тилектештикке чакырды

Башчылыктын Измирдеги аймактык дирекциясында НАТОнун эксперттер тобунун «НАТО-2030: Жаңы доор үчүн биргебиз» деген отчету талкууланган панел өттү.

1586381
Алтун НАТО өлкөлөрүн террор менен күрөшүү жаатында тилектештикке чакырды

Президенттиктин коммуникация башчылыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түркия террорчулукка каршы күрөшүүдө НАТОдогу шериктештерин тилектештикке чакыраарын айтты.

Башчылыктын Измирдеги аймактык дирекциясында НАТОнун эксперттер тобунун «НАТО-2030: Жаңы доор үчүн биргебиз» деген отчету талкууланган панел өттү.

Фахреттин Алтун, панелдин ачылышында жарыяланган видео билдирүүсүндө, НАТОго 69 жыл мурда мүчө болгон Түркиянын, бүгүн шериктештиктин эң чоң экинчи армиясына ээ болгонун, НАТОнун миссиялары менен операцияларына эң чоң салым кошкон 5, шериктештикке абадан эрте эскертүү жана май куюу учагы боюнча салым кошо алган 4, НАТОнун жалпы бюджетине эң көп катышкан 8 мамлекеттин бири болуп калды деп айтты.

Түркия коопсуздук жана коргонуу пландоолорунун борборунда орун алып НАТОго берген убадаларын ушул убакка дейре ар дайым аткаргандыгын жана аткаруусун улантканын баса белгилеген Алтун: «Бирок, шериктештик жаңыланып, аны бүгүнкү коркунучтуу приоритеттерге ылайык жаңыртып, 2030-жылдарга ылайыкташтыруу мезгили келип жеткендиги айдан ачык. Ушул алкакта өлкөбүз дуушар болгон кол салууларга каршы шериктештерибизден абдан күчтүү тилектештикти күтөбүз»,-деди.

«Терроризмге каршы күрөшүүдө керек болсо ПКК/ПЙД/ЙПГ болсун, керек болсо ФЕТӨ болсун шериктеш деп эсептелген Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түркияга каршы туруктуу позицияны ээлеп жаткандыгы дипломатиялык жактан өтө ылайыксыз»,-деп айткан Алтун, террордун расасы, түсү, тили жана дини жок экендигин жана «менин террористим жаман, сенин террористиң жакшы» сыяктуу ыкмасынын эч кимге пайда алып келбей тургандыгын айтты.

Террордук уюм ПККнын Гара аймагында шейит кылган 13 жарандын жаркын элесин эскергенин айткан Алтун: «Түркияда болгон ар түрдүү окуя жөнүндө маалыматы болгон америкалык кесиптештерибиздин, АКШнын террор тизмесинде орун алган ПККнын Гарада атуулдарыбызды шейит кылышына байланыштуу «ичинен кысык үн чыгарышы» таарынткан жана жаралаган жүрүм-туруму болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар