Түркиядагы коронавирус боюнча акыркы кырдаал,президенттин жарыясы...

Президент Режеп Таййип Эрдоган Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берди.

1585681
Түркиядагы коронавирус боюнча акыркы кырдаал,президенттин жарыясы...

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 86 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 27 миң 738 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 117 миң 121 тест жасалып, 649 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 325 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 7 миң 209 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 496 миң 833кө жогорулады.

Бул арада президент Режеп Таййип Эрдоган: "Облустарыбызды Министрлигибиз белгилеген критерийлерге жараша 4 топко бөлүп, март айынын башынан баштап баскычтуу түрдө калыбына келүү процессин баштайбыз",-деди.

Эрдоган Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин жарыялаган маалыматында: "Дагы бир аз сабыр кылып, дагы бир аз чыдап бул балээни коркунуч болуудан чыгара ала турган жерде турабыз",-деп айтты.



Тектеш кабарлар