Президенттик кабинеттин жыйыны өтүүдө
Президенттик комплекстеги жылдын экинчи өкмөттүк жыйынында коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар талкууланууда.
1585589
Президенттик кабинет президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.
Президенттик комплекстеги жылдын экинчи өкмөттүк жыйынында коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар талкууланууда.
Жыйналышта коменданттык сааттын чектөөлөрү, мектептерде бетме-бет окууга даярдануу каралат. Чектөөлөрдү качан жумшартууга боло тургандыгы жөнүндө кырдаалга баа берилет.
Кытай жана Германияга буйуртма берилген Ковид-19 вакцинасынын акыркы абалы жана атамекендик вакцинанын учурдагы абалы талкуулана турган жыйналышта, ошондой эле Түркиядагы эмдөө процессине баа берилет.
Президент Эрдоган жыйында кабыл алынган чечимдерди жарыя кылат.