Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 90 киши көз жумду.

1584893
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 90 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 27 миң 652 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 115 миң 794 тест жасалып, 658 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 906 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 7 миң 189 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 489 миң 624кө жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар