Стамбул көпүрөлөрү сары түс менен жарыктандырылды

Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө көңүл бурулууда.

1584233
Стамбул көпүрөлөрү сары түс менен жарыктандырылды

Стамбулдагы «Фатих Султан Мехмет» жана «Явуз Султан Селим» көпүрөлөрү, 15-февраль Балалык рак күнүнө көңүл буруу үчүн сары түс менен жарыктандырылды.

Жыл сайын 15-февралда балалык кезде пайда болгон рак ооруларына жана эрте диагноз коюунун маанилүүлүгүнө көңүл буруу максатында Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнүн алкагында көптөгөн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

Ушул алкакта маанилүү күндөрдө ар түстүү түстөр менен жарыктандырылган Стамбулдун символдорунан «Фатих Султан Мехмет» жана «Явуз Султан Селим» көпүрөлөрү бул ирет Балалык рак күнүнө карата түстүү болду.

Эки көпүрөнү жарыктандыруу иштери бир жума бою улантылат.



Тектеш кабарлар