Кол салуу үчүн даярданып жаткан террористтер кармалды

Керектүү  процедуралардан кийин сотко өткөрүлгөн 4 террорист «куралдуу террордук уюмга мүчө болуу» кылмышынан камалды.

1584763
Кол салуу үчүн даярданып жаткан террористтер кармалды

Хатай облусунда «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта бомбалуу кол салууга даярдангандыгы белгиленген ПКК/ЙПГ террордук уюмдун террористи жана аны менен байланышта болгон уюмдун 3 мүчөсү камалды.

Губернаторлуктан берилген маалыматка ылайык облустук жандармерия командирлигинин террор менен күрөшүү бөлүмүнүн топору Сирияда «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта түрк куралдуу күчтөрү, Сирия Улуттук Армиясы жана жарандарга карата бомбалуу кол салууга даярданып жаткандыгы белгиленген ПКК/ЙПГ террордук уюмдун бир террористи Дөртйол районунда кармалды.

Кармалган террорист суракка алынгандан кийин, аны менен байланышта экендиги аныкталган жана Дөртйол районунда жашаган үч террорист бир мезгилде кармалды. Керектүү  процедуралардан кийин сотко өткөрүлгөн 4 террорист «куралдуу террордук уюмга мүчө болуу» кылмышынан камалды.



Тектеш кабарлар