Эрдоган Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү

Эрдоган: «Биз бир топ аралыкты басып өткөн операцияларыбызды жакынкы мезгилде коркунучтар дагы деле бар болгон аймактарга кеңейтебиз»

1584758
Эрдоган Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында 13 түрк жаранынын жикчил террордук уюм ПКК тарабынан өлтүрүлүшүнө байланыштуу: «13 күнөөсүз адам өлтүрүлгөн окуяда биз бир нече алсыз үндөрдөн башка эч кимди көрө алган жокпуз. Эй Батыш, сен кайдасың?» - деп сурады.

Президент жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси (АК Партия) Эрдоган, партиясынын Трабзондогу 7-кезектеги облустук курултайында сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Биз бир топ аралыкты басып өткөн операцияларыбызды жакынкы мезгилде коркунучтар дагы деле бар болгон аймактарга кеңейтебиз», деди.

«Бул акыркы окуя, Түркиянын ПККга каршы күрөшүү үчүн Ирактын түндүгүндө жана Сирияда жүргүзгөн операцияларынын чек араларыбыздын коопсуздугу, келечегибиз жагынан канчалык маанилүү экендигин далилдеди» деп айткан президент: «Жогоруда айткандай, алар кайсы уюкка кирбесин аларды табабыз жана ошол жерде жок кылабыз»,-деди.

Режеп Таййип Эрдоган: «Өз коопсуздугу жана бакубаттыгы үчүн дүйнөнү өрттөөдөн коркпогондордун карама-каршылыктары ушул сыяктуу окуяларда белгилүү болууда. Башка мамлекетте болгондо бүткүл дүйнө дүңкүрөй турган 13 күнөөсүз адам өлтүрүлгөн окуяда бир канча алсыз үндөрдөн башка эч кимди көрө алган жокпуз. Эй Батыш, сен кайдасың? Эмне үчүн унчукпай турдуңуз? Сизде ушундай нерсе болгондо ызы-чуу саласыз. 15-июль окуясы болду үн каткан жоксуңар эми бул окуяда дагы ооз ачпайсыз. Сиздин үнүңүз чыкса дагы чыкпаса дагы биз өз милдетибизди билебиз. Биз бул террористтерге бул өлкөдө мүмкүнчүлүк бербейбиз»,-деди.

Гаранын көйгөйлүү аймак экендигин белгилеген президент мындай деди: «Аллахтын каалоосу менен Гарада иш бүттү. Бир топ аралыкты басып өткөн операцияларыбызды жакынкы мезгилде коркунучтар дагы деле бар болгон аймактарга кеңейтебиз. Дагы бир жолу ушундай окуяларга туш болбош үчүн коопсуз абалга айландырылган жерлерде биз канча керек болсо ошончо калабыз».



Тектеш кабарлар