Чавушоглу Блинкен менен сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Антоний Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1584142
Чавушоглу Блинкен менен сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Антоний Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

АКШнын катчысы, Чавушоглуна Гарада шейит болгон 13 түрк жараны үчүн көңүл айтты жана бул үчүн жикчил террордук уюм ПККнын жооптуу экендигин билдирди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу эки тараптуу карым-катнаштар талкууланган сүйлөшүүдө Блинкенди жаңы кызмат ордуна келиши менен куттуктады.

Сүйлөшүүдө министрлер Чавушоглу жана Блинкен, кээ бир аймактык маселелер менен ФЕТӨ,ПКК/ПЙД, терроризмге каршы күрөш, (Түркиянын Орусиядан сатып алган) С-400 (ракетадан коргонуу системасы), Сирия жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселелерин карап чыгышты.

АКШнын жаңы администрациясы менен өз ара сый-урматка негизделген ачык жана чын ыкластуу диалогду өркүндөтүү макулдашылгандыгы белгиленген сүйлөшүүдө, АКШ тараптын жакында жасаган билдирүүлөрү ыңгайсыздыктарды жаратканы дагы айтылды.

Эки кесиптештин күн тартибиндеги бардык маселелерди жакынкы күндөрү кененирээк талкуулоону макулдашканы маалым болду.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин сүйлөшүүгө байланыштуу билдирүүсүндө болсо, «Блинкен менен Чавушоглу Сириядагы согуштун саясий жол менен чечилишин колдоо жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашышты»,делди.



Тектеш кабарлар