Акар жана Сойлу Түркия Парламентинде терроризм менен күрөшүү тууралуу маалымат беришти

Акар, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, «Чеңгел-Бүркүт-2» операциясынын кургактык күчтөрдүн колдоосу жок 35 км. ичкериде жүргүзүлүп, операция башкалардан сапаты боюнча айырмаланып тургандыгын билдирди.

1584875
Акар жана Сойлу Түркия Парламентинде терроризм менен күрөшүү тууралуу маалымат беришти
soylu.jpg
Hulusi Akar Gara operasyonu

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында жүргүзүлгөн «Чеңгел-Бүркүт-2» операциясына байланыштуу, «Ирактын түндүгүндө кыймыл-аракет кылган ПККга каршы операцияларыбыз улам күчөгөн дем жана темп менен тынымсыз уланууда»,-деди.

Акар, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, «Чеңгел-Бүркүт-2» операциясынын кургактык күчтөрдүн колдоосу жок 35 км. ичкериде жүргүзүлүп, операция башкалардан сапаты боюнча айырмаланып тургандыгын билдирди.

Министр Акар: «Операция кургактык күчтөрүнүн колдоосу болбостон жана байланышсыз жүргүзүлдү. Катуу жашыруун иш-аракеттердин астында операцияга кеңири даярдануу жүрдү»,-деди.

Акар мындай деп улантты: «Биздин досторубуз жана союздаштарыбыз менен макулдашып жүргүзүлгөн операцияга чейин, буталар кылдаттык менен тандалып алынып, операцияны пландаштырууда жана аткарууда жарандык калктын өмүрүн жана мүлкүн коргоого эң жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, чөйрөгө да абдан аяр мамиле кылынды».

Министр Акар, Гарадагы операцияга байланыштуу, «Атайын күчтөрдүн кызматкерлери тарабынан эки террористи кайрадан багынып берүүгө чакыруу жасашты, эч ким чыккан жок. Ичкериден ок атылып жооп берилди. Операция биздин баатыр десанттарыбыз тарабынан коопсуздук чаралары ишке ашырылып өтө оор шарттарда, эч бир өлкө кыла албай тургандай түрдө аткарылды»,- деди.

Акар: «Операциянын жүрүшүндө 4ү жогорку башкаруучулар болгон 51 террорист набыт болгон түрдө,  2 террорист тирүү кармалды»,-деп айтты.

Министр Акар, Түрк куралдуу күчтөрүнүн жикчил террордук уюм ПККнын өзүн абдан коопсуз сезген Гара аймагында узуну 75 чакырым туурасы 25 чакырым аралыкта жикчил террордук уюм ПККны чоң жоготууларга учуратканын билдирди.

Хулуси Акар: «Террордук уюм ушул убактан баштап кечээкидей өзүн эркин сезе албайт. Бир дагы шейитибиздин каны жерде калган жок, калбайт»,-деди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Жалпы жыйындагы сөзүндө «Чеңгел-Бүркүт-2» операциясы тууралуу терроризмге каршы күрөш бүгүн башталбаганын, бирок анын жикчил террордук уюм ПККны тез арада жок кылуу менен бүтөрүн билдирди.

Сойлу: «Түркияда 300дүн астына түштү, бирок Иракта жана Иранда 5 миң террорист бар. Ошондой эле маселени Сирия жасашкандыктан, ал жердеги балдарды үй-бүлөсүнөн тартып алып армияга алгандыктары үчүн, ал жерде 5 миң адамга жеткен. Мен биздин ишибиздин аяктай электигин белгилеш үчүн айтуудамын буларды»,- деди.



Тектеш кабарлар