Түркияда Ковид-19га каршы эмдөөдөн өткөн кишилердин саны 4 миллиондон ашты
Твиттерде эмдөө жөнүндө бөлүшкөн Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа:«Бүгүнкү күндө биз 500 миңден ашуун кишини эмдеп жатабыз. Вакциналардын саны көбөйгөн сайын жашообузда суроолордун белгилери азаят»,-деди.
Түркияда коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясына каршы эмделген адамдардын саны 4 миллиондон ашты.
Коронавирус боюнча Илимий кеңешменин сунуштарына ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган «Ковид-19 вакцинасын улуттук ишке ашыруу стратегиясына» ылайык, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жана Илимий кеңешменин мүчөлөрү 13-январда эмдөөдөн өткөрүлдү.
Андан кийин, 14-январда өлкө боюнча саламаттык сактоо кызматкерлеринин катышуусунда эмдөө иштери башталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам маалымат алмашуу маалыматы боюнча Түркиядагы эмдөөдөн өткөн жарандардын санынан 4 миллион 197 миң ашты.
Вакцинанын биринчи дозасын алгандардын саны 3 миллион 600 миңден ашты, ал эми экинчи дозасын алгандардын саны 570 миңден ашты.