Түркия АКШга каршылык көрсөттү,элчиси чакыртылды...

Тышкы иштер министрлиги, бул тема боюнча билдирүүсүндө, «АКШнын элчиси Саттерфилд биздин министрликке чакырылды жана АКШнын билдирүүсүнө болгон реакциябыз эң күчтүү түрдө билдирилди»,делди.

1584067
Түркия АКШга каршылык көрсөттү,элчиси чакыртылды...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түркиядагы элчиси Дэвид Саттерфилд, Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, жикчил террордук уюм ПКК тарабынан Гарада шейит кылынган 13 түрк жаранына байланыштуу билдирүүсүнө Түркиянын каршы чыгуусу билдирилди.

Тышкы иштер министрлиги, бул тема боюнча билдирүүсүндө, «АКШнын элчиси Саттерфилд биздин министрликке чакырылды жана АКШнын билдирүүсүнө болгон реакциябыз эң күчтүү түрдө билдирилди»,делди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Ирактын Гара аймагында жикчил террордук уюм ПКК тарабынан 13 түрк жаранынын шейит кылынышына байланыштуу билдирүүсүндө, «Эгер Түркиянын жарандары террордук уюм ПККнын колунан каза тапты деген кабар чын болсо, биз бул ишти кескин айыптайбыз»,делген.

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Ризедеги облустук курултайындагы билдирүүсүндө, ушул билдирүүдөн улам АКШга каршылык көрсөттү.

 Эрдоган:«Мындан ары талап-тоноочулук болбойт, эгер биз сиз менен ушул биримдикти дүйнөдө, НАТОдо уланта турган болсок, анда сиз террористтердин жанында болбойсуз. Кана сиз ПКК, ЙПГ же ПЙД менен болгон жок эмес белеңиз. Кадимкидей эле жанында жана артында турсыз»,-деди.



Тектеш кабарлар