Чек арада көк бюллетень менен изделген террорист кармалды

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат бөлүштү.

1583887
Чек арада көк бюллетень менен изделген террорист кармалды

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ), Сириядан Түркияга мыйзамсыз жол менен кирүүгө аракет кылып жатканда кармалган Жаңы Зеландиянын жараны 3 кишиден бирөөсүнүн көк бюллетень менен изделген террордук уюм ДЕАШтын мүчөсү террорист экендигин жарыялады.

Министрликтин социалдык тармактардагы эсептеринде, «Сириядан биздин өлкөгө мыйзамсыз жол менен кирүүгө аракет кылган Жаңы Зеландиянын үч жараны Хатайдын Рейханлы районунда биздин чек ара кызматкерлери тарабынан кармалды. Колго түшкөндөрдүн арасында 26 жаштагы С.А. аттуу аялдын көк бюллетень менен изделип жаткан ДЕАШ террористи экени аныкталды»,делди.



Тектеш кабарлар