Чавушоглу: «Бул жерлерден ПКК/ЙПГны тазалаганга чейин күрөшүүбүз уланат»

Борбор шаар Анкарада Эфиопиянын Элчилигинин жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи Мевлют Чавушоглу жана Эфиопиянын тышкы иштер министри Демеке Меконнендин катышуусунда өттү.

1583850
Чавушоглу: «Бул жерлерден ПКК/ЙПГны тазалаганга чейин күрөшүүбүз уланат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу терроризмге каршы күрөшүп жатабыз деген өлкөлөрдүн жикчил террордук уюм ПККнын кыргын кылуусуна унчукпай турушканын айтты.

Борбор шаар Анкарада Эфиопиянын Элчилигинин жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи Мевлют Чавушоглу жана Эфиопиянын тышкы иштер министри Демеке Меконнендин катышуусунда өттү.

Чавушоглу, аземде сүйлөгөн сөзүндө, бардык Африка өлкөлөрүнө Түркиянын ар тараптуу колдоо көрсөтө берерин айтып: «Эфиопияга жана Африка өлкөлөрүнө күчтүү жана конкреттүү түрдө, айрыкча терроризмге каршы күрөштө колдоо көрсөтөбүз»,-деди.

Чавушоглу, узак жылдар бою терроризмге каршы күрөшкөн өлкө жана улут катары Түркиянын Африка өлкөлөрүнүн терроризм менен күрөшүүсүн абдан жакшы түшүнгөндүгүн белгилеп:«Көпчүлүк Батыш өлкөлөрүндө болгондой эч качан эки тараптуу стандарттарда болгон жокпуз, бизде эки жүздүүлүк жок. Түркия катары биз туш болгон ар кандай террордук уюмдар, ПККсы, ЙПГсы, ДЕАШы жана башка террордук уюмдар менен күрөшүүнү улантабыз»,-деп айтты.

Түркиянын чек аранын ичиндеги жана тышындагы террордук уюктар менен күрөшүүсүн чечкиндүүлүк менен уланта турганын баса белгилеген Чавушоглу: «Бул жерлерден ЙПГ/ПККны тазалаганга чейин күрөшүүбүз уланат. ПКК террордук уюму адатынча өзүнүн чыккынчылыгын көрсөтүп, мурда уурдап кеткен 13 бейкүнөө адамыбызды өлтүрдү. Албетте, шейиттерибиздин каны жерде калган жок, калбайт жана  бул террористтерди дагы тазалайбыз. Бирок ушул эки күндө көрүүдөбүз, терроризмге каршы күрөшүүдөбүз деген өлкөлөрдүн ПККнын бул кыргынына карата унчукпаганын же болбосо «эгер» жана «бирок» деген сөздөр менен качууга аракет кылып жаткандыгын көрүүдөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар