Түркия туризмде ишеним берүүдө

Рифай: «Түркия пандемия мезгилинде туризм тармагында абдан мыкты чараларды көрдү»

1574182
Түркия туризмде ишеним берүүдө

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк туризм уюмунун (UNWTO) мурунку башкы катчысы жана Дүйнөлүк туризм форуму инсттутунун башкы катчысы Талеп Рифай, коронавирус (Ковид-19) пандемиясы мезгилинде Түркиянын туризм тармагында көргөн чаралар абдан мыкты экенин айтты.

Анадолу агенттигине (AA) билдирүү жасаган Рифай, коронавирус пандемиясынын натыйжасында келип чыккан кризистердин берки кризистерге караганда кыйла оор экендигин айтып: «Түркияны бул процессте алдыга чыгарган координация менен мыкты башкаруу. Өткөн жылы Түркия атаандаштарына салыштырмалуу туризмде жакшы жыйынтыктарга жетишти. Түркия пандемия мезгилинде туризм тармагында абдан мыкты чараларды көрдү. Түркия ички жана чет элдик конокторго ишеним берүүдө. Эгерде ушул ишеним берүүсүн уланта берсе, 2021-жыл 2020-жылга караганда жакшыраак болот деп ишенем»,-деди.

Рифай: «Падемиядан кийин жаңы норма жана саякаттоо адаттары пайда болот. Үй-бүлөлөр жана кичинекей топтор менен саякаттоонун саны көбөйөт. Адамдар азыраак киши менен жекече эс алууну каалашат. Өзгөчө ачык асман алдында эс алууга кызыгуу жогору болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар