Акар: «Түрк жана орус аскерлери кызмат кыла турган борбор өз ишин баштайт»

Хулуси Акар Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1573944
Акар: «Түрк жана орус аскерлери кызмат кыла турган борбор өз ишин баштайт»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, түрк жана орус аскерлери кызмат кыла турган борбордун өз ишин баштай тургандыгын билдирди.

Хулуси Акар Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акар сүйлөшүүдөн кийинки билдирүүсүндө, Хасанов менен коргонуу жана коопсуздук маселелеринде жасаган жана жасай турган иштерине баа бергендерин айтты.

Сүйлөшүүдө түрк жана орус аскерлеринен турган Биргелешкен борбордун күн тартибинде бар же жок экендиги суралганы боюнча Акар: «Карабахта (Азербайжан менен Армениянын ортосундагы) ок атышпоо режимин сактоо жана көзөмөлдөө максатында түзүлө турган Түрк-Орус биргелешкен борборуна байланыштуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2020-жылдын 11-ноябрында орус кесиптешим Сергей Шойгу менен кол койгонбуз. Биргелешкен борбордун түзүлүүсүнө карата иштер аяктады. Түрк жана орус аскерлери кызмат кыла турган Биргелешкен борбор өз ишин баштайт»,- деди.

Акар: «Бир генерал жана 38 кызматкер иштей турган биргелешкен борбор ок атышпоонун улантылышына жана аймакта тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылууга чоң салым кошот деп ишенебиз. Биздин иш-аракеттерибиз түрк жана орус аскерлеринен турган Биргелешкен борбордун иши менен активдешип, азербайжан боордошторубуздун укуктарын жана мыйзамдарын толук коргоо милдетибизди аткарабыз», деп айтты.

Акар, бир улут эки мамлекет түшүнүгү менен Азербайжан боордошторун колдоп келгендерин жана мындан ары да улана тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар