2021-жыл «Юнус Эмре жана түрк тили жылы» деп белгиленет

2021-жылды «Юнус Эмре жана түрк тили жылы» деп белгилөөгө байланыштуу жарлык жарыяланды.

1573965
2021-жыл «Юнус Эмре жана түрк тили жылы» деп белгиленет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2021-жылды «Юнус Эмре жана түрк тили жылы» деп белгилөөгө байланыштуу жарлыкты жарыялады.

Президент Эрдоган, Расмий гезиттеги жарлыкта Түрк тилинин жана цивилизациясынын негиздеринин бири болгон Юнус Эмренин өлүмүнүн 700 жылдыгынан улам 2021-жылдын Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, Илим жана Маданият Уюму (ЮНЕСКО) тарабынан эскерүү жана майрамдоо мааракелеринин катарына киргизилгенин эске салды.

Юнус Эмренин өз ырларында адамга жана жаратылышка болгон сүйүүсүн, толеранттуулук, бир туугандык жана тынчтык түшүнүктөрүн эң таза түрк тилинде жазгандыгын жана бул ырлары менен дин, тил жана раса деп бөлбөстөн бардык адамзатка кайрылгандыгын айткан Эрдоган, Эмренин жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделген философиясы менен дүйнөлүк гуманизмге салым кошуп, элди жалпы баалуулуктардын тегерегинде бириктирген эң мыкты акын болгонун айтты.

Эрдоган: «Юнус Эмрени дүйнөлүк адамзатка орток баалуулук катары көрсөтүү жана өлкөбүздө дагы бир жолу эскерилиши максатында 2021-жылдын «Биздин Юнус» деп белгилениши, Юнус Эмренин мурасы болгон түрк тилинин маанилүүлүгүн баса белгилөө, цивилизациянын өзгөчөлүгү менен аң-сезимдүү жана туура колдонулушу максатында «Дүйнө тили түркчө» деген аталышта өлкөнүн жалпысында жана чет өлкөлөрдө иш-чараларды уюштуруу чечими кабыл алынды»,-деди.

Ушул алкакта уюштурула турган иш-чаралардын Маданият жана туризм министрлигинин координациясы менен тийиштүү мамлекеттик мекемелер жана уюмдар менен жүргүзүлө тургандыгын билдирген президент Эрдоган, бул иш-чаралардан Президенттик тарабынан аныктала тургандары Президенттиктин карамагында өткөрүлүшү мүмкүн экендигин маалымдады.



Тектеш кабарлар