Тунистин мурунку лидери Эрдоган туралуу мактоо менен сөз кылды
Тунистин мурунку президенти Мунсиф ел - Мерзуки Р. Т. Эрдогандын Мухаммед Мурсинин доосуна ар дайым колдоо бергендигин белгиледи.
Тунистин мурунку президенти Мунсиф ел - Мерзуки Президент Р. Т. Эрдогандын Египеттин демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти Мухаммед Мурси доосуна ар дайым колдоо бергендигин белгиледи.
Мурси демократия фонду 25 - январь төңкөрүшүнүн 10 жылдыгына карата видеоконференция аркылуу «Январдан бери 10 жыл... Төңкөрүштүн жүрөгүндө Мурси» деген темада иш чара өткөрдү.
Иш чарага катышуучулардан Мунсиф ел - Мерзуки Мурсинин Египеттин араб дүйнөсүндөгү абалын кайрадан куруу жана өлкөнү укук мамлекети кылуу үчүн күрөшкөндүгүн айтты.
Президент Эрдогандын Мурсиге колдоосун мактоо менен сөз кылган Мерзуки : «Президент Р. Т. Эрдоган өлкөсүндө жана эл аралык тармакта Мурсинин доосун колдоду»,- деди.
«Мурси жыйынтыктарынан коркпостон адамзаттык баалуулуктар үчүн аракет кылды жана каршы чыккандарга карабастан демократияга баш ийди. Бардык мааниде мыкты адам эле»,- деди Мерзуки.
Египетте 30 жылдык Хүснү Мүбарек бийлиги 2011 - жылы 25 - январда башталган элдик көтөрүлүштөр менен акырына чыккан. 25 - январь төңкөрүшүнүн символдук ысымдарынан болгон жана демократиялык жол менен президент болуп шайланган Мухаммед Мурси 2013 - жылы июль айында аскердик сокку менен кызматынан алыстатылган.
Мурси 2019 - жылы 17 - июнда сот залында каза болгон.