Мевлүт Чавушоглу менен Жавад Зариф биргелешкен пресс - жыйын өткөрүштү

Мевлүт Чавушоглу  Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен Стамбулда Долмабахче сарайында жолугушту.

1573605
Мевлүт Чавушоглу   менен Жавад Зариф биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Нигерия жакындарында деңиз каракчылары уурдаган түрк деңизчилери тууралуу : «Кечээ кубантуучу кабар алдык. 15 жараныбыздын ден соолугунун жакшы экендигин билдик.  Дагы жакшы кабарларды жакында алабыз»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу  Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен Стамбулда Долмабахче сарайында жолугушту. Жекеме  - жеке жолугушуудан кийин эки министр биргелешкен пресс жыйын өткөрүштү.

Пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн Чавушоглу : «Коронавирустан улам жыйындарыбызды кандай өткөрөрүбүздү сүйлөштүк. Астана форматындагы үч тараптуу саммит Тегеранда болот. Даярдыктарды бүгүн баштаган болдук»,- деди.

Чавушоглу Түштүк Кавказияда (Азербайжан менен Армениянын ортосунда) ок атышпоонун бар экендигин жана анын туруктуу болушун каалагандыгын баса белгилеп : «Бир гана каалоо эле жетпейт. Салым кошуубуз керек. Түштүк Кавказия тууралуу 3 + 3  форматында кызматташууну пландап жатабыз»,- деди.

Түркия катары өзгөчө Иран  -  АКШ жана Европа үчтүгү менен (Франция жана Британия менен Германия) кол коюлган өзөктүк иштерге колдоо беришкендерин эске салган Чавушоглу : «АКШнын президенти Жо Байден башкаруусу менен бул келишимге кайра кайтуу болот деп ойлойм. Ушундайча боордош Иранга карата санкциялар жоюлат»,- деди.

4 күн мурда «Моцарт» аттуу кеменин Нигерия жакындарында Гвинея булуңунда бара жатканда деңиз каракчыларынын уурдаганына токтолгон Чавушоглу : «Кечээ кубанта турган кабар алдык. Экипаж жана капитан фирма менен байланышты. 15 жараныбыздын баарынын ден соолугунун жакшы экендигин билдик. Процесс тууралуу жана кенен маалымат берүүм мүмкүн эмес бирок жакында жакшы кабарларды алабыз»,- деди.

Чавушоглу : «Кол салуудан аман калган 4 капитан жана эки жараныбыз бүгүн, түрк аба жолдорунун учагы менен Түркияга келет. Биздин кемелерибизге жана  башка кемелерге карата  кол салууларды алдына алуу боюнча эмне кылуу керек? Бул тууралуу аймактагы өлкөлөр менен карап чыгабыз», - деди.

Жеват Зариф да сөз сүйлөп  : "Биз президент Режеп Таййип Эрдогандын Иранга эртерээк келишин күтүп жатабыз. Жакында күндү тактайбыз",- деди.  

"Түркия менен Ирандын Кавказиядагы кызматташтыгы көптөгөн өлкөлөр үчүн  пайдалуу болот", - деген Зариф : "Иран менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык чөйрөлөрү абдан чоң. АКШ менен карым  - катнаштарды күчтөндүрөбүз»,- деди.

Андан кийин Президент Р. Т. Эрдоган Жавад Зарифти Вахдеттин сарайында кабыл алды. Басма сөзгө жабык өткөн кабыл алууга Мевлүт Чавушоглу да катышты. 

 

 



Тектеш кабарлар