Кытайга бор ташыган поезд жөнөп кетти

Түркиядан Кытайга бара турган поездди энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез менен транспорт жана инфраструктура министри Караисмаилоглу узатты.

1573492
Кытайга бор ташыган поезд жөнөп кетти

Кытайдын Сиань шаарына бара турчу жаңы экспорттук поезд Анкарадагы станциядан жөнөтүлдү.

Баку-Тбилиси-Карс темир жолу аркылуу Түркия менен Кытайдын ортосунда иштетиле турган үчүнчү экспорттук поезддинин даярдыктары аяктады.

Түркиядан Кытайга бара турган поездди энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез менен транспорт жана инфраструктура министри Караисмаилоглу узатты.

Министр Дөнмез бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Түркиядан Кытайга темир жол аркылуу бор экспортунун биринчиси ишке ашып жатканына токтолуп: «Деңиз жолу аркылуу болжол менен 45-60 күндө жасалган экспортту, темир жол менен 15-20 күндө жасай алабыз»,- деди.

42 контейнердин ичинде ташыла турган бор, "Эти" тоо-кен өндүрүшүнүн башкы дирекциясы тарабынан Кытайга экспорттолууда.

Поезддин ички сапары Анкара-Сивас-Карс каттамынан башталат. Ал Грузия-Азербайжан-Каспий деңизи аркылуу Казакстанга өтүп Кытайга барат.

Бордун Кытайга сапары 12 күнгө созулат. Бул сапарында 2 континентти, 2 деңизди жана 5 өлкөнү кесип өткөн болот. Жалпысынан 7 миң 792 чакырым аралыкты басып өтөт.



Тектеш кабарлар