Коронавирус: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 131 киши көз жумду.

1573858
Коронавирус: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 131 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 25 миң 736 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 165 миң 94 тест жасалып, 664 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 6 миң 912 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 8 миң 93 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 348 миң 309га жогорулады.



Тектеш кабарлар