Британия Түркия менен Грецияны кубаттады

Министр Венди Мортон өз билдирүүсүн социалдык медиа баракчасынан жарыялады.

1573574
Британия Түркия менен Грецияны кубаттады

Түркия менен Грециянын ортосундагы иликтөө сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан башталышын Британия жогору баалады.

Британиянын Европа боюнча мамлекеттик министри Венди Мортон, иликтөө сүйлөшүүлөрүнүн Чыгыш Жер Ортолук деңизинин стабилдүүлүгү жана бакубаттыгы үчүн маанилүү кадам экенин билдирди.

Министр Венди Мортон өз билдирүүсүн социалдык медиа баракчасынан жарыялады.

Билдирүүсүндө Британиянын аймактык чыңалуулардын азайтылышын колдой тургандыгын баса белгилеген Мортон: «Түркия менен Грециянын иликтөө сүйлөшүүлөрүн кайрадан башташын жана сүйлөшүүлөрдү улантууга карата убадаларын кубаттайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар