Афринде Анадолу маданий борбору ачылды

Сириянын түндүгүндөгү Афринде Бүлбүлзаде фонду менен Өлкө тышы түрткөр жана тууган коомдор башкармалыгы YTBнин кызматташуусунда Анадолу маданият борбору ачылды.

1573395
Афринде Анадолу маданий борбору ачылды

Сириянын түндүгүндөгү Афринде Бүлбүлзаде фонду менен Өлкө тышы түрткөр жана тууган коомдор башкармалыгы YTBнин кызматташуусунда Анадолу маданий борбору ачылды.

Түрк куралдуу күчтөрү «Зайтун бутагы» операциясы менен террордон тазалаган Афринде Анадолу маданий борборун ачуу  аземи өткөрүлдү.

Ачылууга Бүлбүлзаде фондунун төрагасы Тургай Алдемир, YTB жана Жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү менен аймактын алдыңкылары катышты.

Кызматка ачылган Анадолу маданий борборлорунда маданият, өнөр, тил курстары, каллиграфия жана музыкалык ийримдерде, кесипке ээ кылуу боюнча билим берилет.

Африн Анадолу маданий борборунун жооптуусу Мелих Ай бул жерде 300гө жакын окуучунун билим аларын айтып : «Коопсуздук чөйрөсү түзүлгөн аймактарда маданий борборлорду ачуу иштерибиз улантылат. 2020 -  жылы 17 -  сентябрда да Азезде маданий борбор ачылган»,- деди.

 



Тектеш кабарлар