Улуттук коопсуздук кеңеши бүгүн чогулат

Жылдын биринчи жыйынында Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуялар, Түрк армиясынын Азербайжан, Ливия жана Сириядагы иш-аракеттери жана терроризмге каршы күрөшүү баш болгон стратегиялык темалардын талкууланышы күтүлүүдө.

1572673
Улуттук коопсуздук кеңеши бүгүн чогулат

Улуттук коопсуздук кеңеши (УКК) президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында чогулат.

Жылдын биринчи жыйынында Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуялар, Түрк армиясынын Азербайжан, Ливия жана Сириядагы иш-аракеттери жана терроризмге каршы күрөшүү баш болгон стратегиялык темалардын талкууланышы күтүлүүдө.

Түркия менен Грециянын ортосунда, Эгей жана Жер Ортолук деңизинин чыгышындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн кайрадан башталган иликтөөчү сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибиндеги негизги беренелердин бири болушу күтүлүүдө.

Ушул алкакта, Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кызыкчылыгы багытында таштала турган кадамдары жолугушууда талкуулана турган маселелердин бири боло турганы болжолдонот.

Сирия маселеси менен түрк аскерлеринин Азербайжан жана Ливияда жүргүзгөн иш-аракеттери жана Түркиянын түштүгүндөгү террордук элементтерге каршы күрөшүүнүн да жыйналышта каралышы күтүлүүдө.

Жыйында бардык террордук уюмдарга, айрыкча ПКК / KЖK-ПЙD / ЙПГ, ФЕТӨ жана ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн операциялар жана башка аймактык жана улуттук коопсуздук маселелеринин каралышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар