Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 132 киши көз жумду.

1572463
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 132 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 25 миң 476 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 179 миң 419 тест жасалып, 675 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 489 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 8 миң 803 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 331 миң 314кө жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар