Президенттик Жогорку Кеңешчи Кеңешинин отуруму болуп өттү

Президент Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте басма сөзгө жабык өткөрүлгөн Жогорку Кеңешчи Кеңешинин жыйыны болжол менен 2,5 саатка созулду.

1572487
Президенттик Жогорку Кеңешчи Кеңешинин отуруму болуп өттү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында өткөн Президенттик Жогорку Кеңешчи Кеңешинин отурумунда, Батыш коомдорунда күчөп жаткан ксенофобия жана исламофобия маселеси талкууланды.

Президент Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте басма сөзгө жабык өткөрүлгөн Жогорку Кеңешчи Кеңешинин жыйыны болжол менен 2,5 саатка созулду.

Президенттик Коммуникация башчысы Фахреттин Алтун жыйналыштан кийинки жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кеңештин мүчөлөрүнүн батыш коомдорунда күч алган ксенофобия жана исламофобия маселесин талкуулаганын жана Ислам дүйнөсүндөгү кырдаалга баа бергендигин маалымдады.

Алтун, президент Эрдогандын жыйында Батыштын көптөн бери аркасына жашырынып келген демократия, эркиндик жана адам укуктары жабуусу ачылган сайын расисттик, басмырлоочу, варвардык жана бузуку жүзү ачыкка чыга баштаганын айтты. Мьянмадан Чыгыш Түркстанга чейин, Кавказ, Балкандан Палестинага чейинки ар башка аймактардагы мусулмандарга каршы кыргын, зулумдук, эзүү, баскынчылык жана фанатизм байкалганын, эң оор жана азаптуу көрүнүштөргө да ислам аймактарында күбө болгондорун белгилегенин баяндады.

Алтун:«Кеңештин мүчөлөрү, Ислам дүйнөсүн ички чыр-чатактардан куткаруу жана анын биримдигин жана тилектештигин чыңдоо, диндин маңызынан келип чыкпаган караңгы структуралар менен күрөшүү маселелери боюнча пикир алмашышты»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар