Эрдоган-Маск сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, BiP жана Telegram эсебинен бул тууралуу маалымат бөлүштү.

1572472
Эрдоган-Маск сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Тесла жана SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Маск менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президент Эрдоган, BiP жана Telegram эсебинен жасаган бөлүшүүсүндө, Маск менен болгон сүйлөшүүсүндө Түркиядагы мамлекеттик жана жеке менчик сектор мекемелери жана компаниялардын арасында космостук технологиялардан баштап ар башка тармактардагы кызматташтыкка байланыштуу маселелерди талкуулагандарын айтты.

Эрдоган:«Мындан ары дагы өлкөбүздөгү жана дүйнөдөгү технология жаатындагы өнүгүүлөрдү тыкыр байкап, улутубузга пайда алып келүү үчүн бул жаатта ташталган ар бир кадамды колдойбуз»,-деп баасын берди.



Тектеш кабарлар