Эрдоган: «3 инновациялык вакцина талапкерлери фазалык изилдөөлөрдү баштоонун алдында турат»

Президент Эрдоган, Президенттик комплексинде «Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңеши (ТҮБИТАК) жана Түркия Илимдер академиясынын (TUBA) Илимий сыйлыктарын тапшыруу» аземине катышты.

1573042
Эрдоган: «3 инновациялык вакцина талапкерлери фазалык изилдөөлөрдү баштоонун алдында турат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, коронавирустун жаңы түрү (Сovid-19) боюнча вакцина изилдөөлөрү тууралуу ата мекендик инновациялык 3 вакцина талапкерлери фазалык изилдөөлөрдү баштоонун алдында тургандыгын билдирди.

Президент Эрдоган, Президенттик комплексинде «Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңеши (ТҮБИТАК) жана Түркия Илимдер академиясынын (TUBA) Илимий сыйлыктарын тапшыруу» аземине катышты.

Эрдоган, бул жерде сүйлөгөн сөзүндө билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү ар тараптуу деңгээлде колдоону биринчи орунга койгонун баса белгиледи.

Авиация, космос жана технологиялар фестивалы (Teknofest) сынактары аркылуу жаштарды ойлоп табууга чоң шыктануу менен үндөгөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Акыркы 2 жылда биздин 159 окуучубуз эл аралык жана регионалдык илим олимпиадасынан 144 медаль жана 8 Ардак грамоталар менен кайтышты»,- деди.

Түрк илимпоздорунун ден-соолук жаатындагы изилдөөлөрүн кылдаттык менен байкап жатышкандыктарын билдирген Эрдоган: «Биздин 436 изилдөөчү вакцина жана дары-дармектерди иштеп чыгууга багытталган 17 долбоорду жүргүзүшөт. Учурда биздин 3 инновациялык вакцина талапкерлерибиз фазалык изилдөөлөрдү баштоо алдында турушат. Учурдагы жигерсиз вакциналарга караганда эффективдүү структурага ээ болгон вакцинага талапкерибиз ишин улантууда. Өз вакцинасын чыгарган өлкө катары биз эл аралык аренада алдыңкы оюнчуга айланабыз деп үмүттөнөбүз”,-деп айтты.

Эрдоган, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Түркия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Кытайдан кийинки Ковид-19 боюнча эң көп  вакцина долбоорун жүргүзгөн үчүнчү орунда  турганын айтты.

2025-жылы Бүткүл дүйнөлүк илим форумун өткөрүүгө даяр экендиктерин билдирген Эрдоган: «Биз быйыл жаңы чакыруу ачып, өлкөбүзгө кеминде 100 мыкты изилдөөчүнү алып келебиз»,- деди.

Президент Эрдоган сөзүнөн кийин TÜBİTAK жана TÜBA Илимий сыйлыктарына татыктуу деп табылган катышуучуларга сыйлыктарды тапшырды.



Тектеш кабарлар