Чавушоглу ирландиялык кесиптеши менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Ирландиянын тышкы иштер министри жана коргоо министри Симон Ковини расмий сапар менен Анкарага келди.

1572610
Чавушоглу ирландиялык кесиптеши менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Ирландиянын тышкы иштер министри жана коргоо министри Симон Ковини менен эки тараптуу жана аймактык маселелерди, ошондой эле Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштарын достук чөйрөдө карап чыгышкандарын айтты.

Эки министр министрликтеги жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Ирландиялык кесиптешин кабыл алганына кубанычта экенин айткан Чавушоглу, эки тараптуу мамилелерди өзгөчө соода-экономикалык жаатта кантип өнүктүрүүгө боло тургандыгын талкуулашканын билдирип: «Өткөн жылы биздин соода көлөмүбүз 1,5 миллиард доллардын тегерегинде болду. Биз аны оңой эле 3 миллиард долларга чейин көбөйтө алабыз»,-деди.

Туризмдин эки өлкөнүн экономикалык жана адамдык карым-катнаштары жагынан маанилүү тармак экендигин белгилеген Чавушоглу: «2019-жылы биздин өлкөгө 95 миңге жакын ирландиялык турист келди. Албетте, коронавируска (Ковид-19) байланыштуу саякатта чектөөлөр болду, бирок коопсуз туризм түшүнүгү менен былтыр да өлкөбүзгө 15 миллион турист келди»,-деп айтты.

Кесиптеши менен Ковид-19га каршы күрөшүү темаларын да сүйлөшкөндүгүн айткан министр Чавушоглу: «Алдыдагы мезгилде биз саясатчылар жана администраторлор катары адамдардын эркин жүрүшү үчүн өз милдетибизди аткарабыз. Өлкөбүздө ирландиялык туристтерди көбүрөөк кабыл алууну күтүүдөбүз»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу Ирландияга, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар