Чавушоглу Греция менен болгон иликтөөчү жыйналышка баа берди

Мевлют Чавушоглу менен Ирландиянын тышкы иштер жана коргоо министри Симон Ковини министрликтеги жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1572953
Чавушоглу Греция менен болгон иликтөөчү жыйналышка баа берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия менен Грециянын ортосундагы иликтөөчү сүйлөшүүлөрдү «кеңешмелик сүйлөшүүлөр» деп атап «Бул өтө позитивдүү чөйрөдө өттү»,- деди.

Мевлют Чавушоглу менен Ирландиянын тышкы иштер жана коргоо министри Симон Ковини министрликтеги жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Чавушоглу Греция менен Түркиянын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө байланыштуу суроо боюнча, «Мурда иликтөөчү сүйлөшүүлөрү» деп аталып келген, беш жылдан бери өткөрүлбөй келе жаткан «кеңешмелик сүйлөшүүлөр» дүйшөмбү күнү Стамбулда өттү. Кийинчерээк досторубуз бизге жолугушуу абдан позитивдүү чөйрөдө өткөнүн айтышты»,-деди.

Жолугушуунун 61-айлампасы өткөнүн эске салган Чавушоглу «Буга чейин эмне талкууланса, алар ушул жолугушууда дагы талкууланды. Албетте, бир же бир нече  жолугушууда көйгөйлөрдүн баарын чечүү күтүлбөйт. Кайра баштоо маанилүү болчу, албетте, кожондук кезеги эми Грецияда»,-деп айтты.

Эки өлкө бир пикирге келе албаган маселелердин көптөн бери болуп келе жаткандыгын айткан Чавушоглу: «Буларды чечүү боюнча кеңешүү, жок дегенде, эки коңшунун ортосундагы чыңалуунун азырынча төмөндөшүнө жана келечекте бул көйгөйлөрдүн туруктуу чечимдерин табууга пайдалуу болот»,-деди.



Тектеш кабарлар