Түркия Эр-Риядга карай ракеталык кол салуулар болгонун айыптады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө акыркы үч күндө Эр-Рияддын экинчи жолу ракеталык чабуулдун бутасы болгону белгиленгени маалымдалган.

1571714
Түркия Эр-Риядга карай ракеталык кол салуулар болгонун айыптады

Түркия, Сауд Аравиясынын борбор шаары Эр-Рияддагы жарандык калктуу конуштарды бутага алган ракеталык чабуулдарды кескин айыптаганы билдирилди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө акыркы үч күндө Эр-Рияддын экинчи жолу ракеталык чабуулдун бутасы болгону белгиленгени маалымдалган.

Билдирүүдө,«Биз жарандык конуштарды бутага алганы жана Сауд Арабиясынын абадан коргонуу тутумдары тарабынан атып түшүрүлгөнү түшүнүктүү болгон жогоруда айтылган кол салууларды кескин айыптайбыз. Бир тууган Сауд Арабияга жана сауд элине тилектеш экендигибизди билдиребиз»,делди.

Кечээ Эр-Рияддын асманында жарылуу болуп, шаардын көптөгөн аймактарынан угулгандыгы кабарланган.

Социалдык тармактын колдонуучулары абада зыянсыздандырылган баллистикалык ракетанын сүрөттөрүн бөлүшүштү.



Тектеш кабарлар