Түркия БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондуна салым кошуусун улантат

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүндө улуттук тынчтыкты орнотуу иш-аракеттерин колдоо максатында «Тынчтыкты орнотуу фондунун милдеттенмелер конференциясын» уюштурду.

1571957
Түркия БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондуна салым кошуусун улантат

 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтыкты орнотуу фондуна 2016-2020-жылдар аралыгында бир миллион доллар салым кошкон Түркия, 2021-2024-жылдар аралыгында дагы ушундай эле салым кошоорун билдирди.

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүндө улуттук тынчтыкты орнотуу иш-аракеттерин колдоо максатында «Тынчтыкты орнотуу фондунун милдеттенмелер конференциясын» уюштурду.

Жыйналышка видеоконференция аркылуу катышкан тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги (ЕБ) боюнча төрага, элчи Фарук Каймакжы, тынчтыкты орнотуу фондунун натыйжалуу колдонулушу тынчтык аракеттеринин ийгиликтүү болушу үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

Каймакжы, БУУнун башкы катчысы Гутеррештин 2021-2024 Тынчтыкты орнотуу фондунун стратегиясы баш болгон жаңжалдардын алдын алуу, тынчтыкты сактоо, гуманитардык жардам, гендердик теңчилик жана көп тараптуулукту дагы Түркиянын колдогонун айтты.

Түркиянын БУУнун тынчтык жана коопсуздук иш-аракеттерине ырааттуу салым кошконун жана тынчтыкты орнотуу миссияларына колдоо көрсөтүүсү улана турганын билдирген Каймакжы, Түркиянын БУУнун саясий иштер жана тынчтык күчү департаментинин инновациялык бөлүмүнө фонд бөлгөн алгачкы мүчө өлкө болгонун белгиледи.

Фарук Каймакжы, Түркия ошондой эле БУУнун 30 ар кандай кеңселерине кожоюндук кылганын белгилеп: «Биз Тынчтыкты орнотуу фондуна 2016-2020-жылдар аралыгында бир миллион доллар салым коштук жана 2021-2024-жылдар аралыгында дагы ушундай эле салымды кошобуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар