Өмер Челик "Холокостту эскерүү күнүнө" карата өз билдирүүсүн бөлүштү

Челик Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасады.

1572297
Өмер Челик "Холокостту эскерүү күнүнө" карата өз билдирүүсүн бөлүштү

«Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик "Эл аралык Холокостту эскерүү күнүнө" карата өз билдирүүсүн бөлүштү.

Челик Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Эл аралык Холокостту эскерүү күнүнө карата жөөттөргө жана адамзатка каршы жасалган бардык геноциддерди айыпташканын жана курман болгондорду таазим кылып эскергендиктерин айтты.

"Жамандык кадыресе көрүнүшкө айланган" жана адамдын душмандары мыкаачы болгон мезгилди өкүлдүк кылган Холокосттун бүгүнкүгө жана эртеңкиге байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү камтыганын айткан Челик, Түркиянын жөөттөрдү өлүмдөн куткарып, ар түрдүү геноцидге каршы турган жана адам баласынын кадыр-баркын жактаган тарыхка ээ экенин баса белгиледи.

Учурда Жер Ортолук деңиздин жалпы адамзаттын көз алдында качкындардын көрүстөнүнө айланып баратканын, жашоо үмүтү менен Европага барган балдардын жана аялдардын караңгы сууларга көмүлгөнүн айткан Челик: «Түркия Республикасы - адамзаттын үмүтү. Бардык кыйналгандардын баш калкалоочу жайы. Түркия кечээ өлүмдөн качкан жөөттөрдү кабыл алды, бүгүн өлүмдөн качкандардын жалгыз баш калкалоочу жайы болууда»,-деди.



Тектеш кабарлар