Кол салууга дуушар болгон кемеге колдоо тобу барды

Түркиянын Либревилдеги элчилигинин Твиттер эсебинен бөлүшүлгөн маалыматта Габонго жеткен 22 кишиден турган колдоо тобу элчи Нилүфер Эрдем Кайгысыз тарабынан кабыл алынды.

1571914
Кол салууга дуушар болгон кемеге колдоо тобу барды

Гвинея булуңунда кол салууга дуушар болгон «Моцарт» кемесин иштеткен компаниянын өкүлдөрү жана моряктардан турган 22 кишилик колдоо тобу Габонго жетти.

Түркиянын Либревилдеги элчилигинин Твиттер эсебинен бөлүшүлгөн маалыматта Габонго жеткен 22 кишиден турган колдоо тобу элчи Нилүфер Эрдем Кайгысыз тарабынан кабыл алынды.

Маалыматта топтун бүгүн кеме казык таштаганган Порт- Жентил портуна барып кемеге түшөрү кабарланган.

Либериянын желеги илинген «Моцарт» кемеси 23-январда Нигериянын Лагос жээгинен 180 чакырым алыстыкта ​​деңиз каракчыларынын кол салуусуна кабылган.

Лагостон Түштүк Африканын Кейптаун шаарына бараткан кеменин 19 экипаж мүчөсүнүн бири өлтүрүлүп, 15и уурдалган.

Кеме 3 экипаж мүчөсү менен Габондун Порт-Жентил портуна казык таштаган.



Тектеш кабарлар