«Эрен» операциялары уланууда

«Эрен-5» операциясында 53 баш калкалоочу жай жана 62 кампа жараксыз абалга келтирилди.

1572101
«Эрен» операциялары уланууда

Ички иштер министрлиги тарабынан жикчил террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлгөн «Эрен-5» операциясында 53 баш калкалоочу жай жана 62 кампа жараксыз абалга келтирилди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, террордук уюм ПКК/КЖКнын кыш мезгилиндеги кыймылына бөгөт коюу максатында Мардин облусунун жандармерия командачылыгына караштуу жандармериялык командос, жандармериянын атайын операция жана күзөт кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлгөн операция улантылууда.

Операциянын алкагында 53 баш калкалоочу жай жана 62 кампа жараксыз абалга келтирилди. Бул баш калкалоочу жайларда жана кампаларда көптөгөн жардыргыч заттар, жардыргычтарды жасоодо колдонулган материалдар, ок-дарылар, уюштуруу документтери, медициналык каражаттар жана буюмдар колго түшүрүлдү.

Өлкөдө терроризмди толугу менен жок кылуу үчүн жүргүзүлгөн «Эрен» операциялары коомчулуктун колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө уланууда.



Тектеш кабарлар