Эрдоган: «Жаңы реформа пакеттерин жакында Парламентке сунуштайбыз»

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) лидери Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Парламенттеги фракциялык жыйынына катышты.

1572166
Эрдоган: «Жаңы реформа пакеттерин жакында Парламентке сунуштайбыз»

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) лидери Режеп Таййип Эрдоган, жакын арада даярдыктары бүтө турган жаңы реформалар пакети Түркия Улуу Улуттук Жыйынына (Парламент) сунуштала баштай турганын билдирди.

Эрдоган өзүнүн партиясынын Парламенттеги фракциялык жыйынына катышты.

Президент Эрдоган: «Биз аны өз элибиз менен бөлүшкөндө, бул реформа сунуштары өлкөбүздү 2023-жылга жана андан кийинки жылдарга алып бара турган өтө түптүү жана маанилүү жоболорду камтыганын көрүшөт»,-деди.

Эрдоган өз сөзүндө коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцина колдонуу чөйрөсүнүн кеңейип, максатталган эл массасына мүмкүн болушунча эртерээк жетерин айтты.

«Биздин негизги күн тартибибиз улутубуздун маселелери болуп саналат»,-деп айткан Президент: «Эмдөө иштерин баштоо менен биз жаңы баскычка кадам таштадык. Азыркы тапта биз 10 миллион доза вакцинаны өлкөбүзгө алып келдик. Дүйнөдө бир топ көп өнүккөн деп айтылган өлкөлөр вакциналарды таба албай жатышат. Кудайга шүгүр, биз түзгөн келишим менен ушул 50 миллион дозанын 10 миллион дозасын алган болдук»,-деди.



Тектеш кабарлар