Эрдоган Эл аралык Холокостту эскерүү күнүнө карата видео кайрылуу жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын Эл аралык Холокостту эскерүү күнү үчүн ишке ашырган веб-сайты weremember.gov.tr адресинде видео кайрылуу жарыялады.

1572011
Эрдоган Эл аралык Холокостту эскерүү күнүнө карата видео кайрылуу жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөдө уламдан-улам күч алып бараткан антиисламизм менен ксенофобияны «токтот» деп айтылышы керектигин билдирди.

Эрдоган, Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын Эл аралык Холокостту эскерүү күнү үчүн ишке ашырган веб-сайты weremember.gov.tr адресинде видео кайрылуу жарыялады.

Адамзат катары татаал мезгилди баштан кечирип жаткандыктарын билдирип, жаңы түрдөгү коронавирус эпидемиясы менен катар расизм вирусунун барган сайын кеңири жайылып баратканын көрүшкөнүн айткан Эрдоган:«Мечиттер, синагогалар жана чиркөөлөр сыяктуу сыйынуучу жайларга карата зордук-зомбулуктун олуттуу өсүшү байкалууда. Этностук өзгөчөлүгү, дини, тили жана сырткы көрүнүшү ар башка болгон коомдун катмарларына карата жек көрүү кылмыштары күн санап көбөйүүдө. Расисттик террор бүгүнкү күндө коомдук тынчтыкты жана адамдардын чогуу жашоого болгон каалоосун динамиттеген коопсуздук коркунучуна айланды. Чындыгында өткөн кылымда болуп өткөн трагедиялуу окуялар расисттик идеология кандай кайгыга алып келерин көрсөттү»,-деди.

Миллиондогон адамдар курман болгон Холокост, Босния, Руанда жана Кампучия геноциддеринин ар бири эл аралык коомчулукка жоопкерчилигин эскерткен жандуу мисалдар экендигин кеп кылган Президент, жек көрүү сөздөрүнө каршы күрөшүү жапа чеккендердин гана эмес, адамзаттын жалпы милдети экендигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган, Холокост, Босния, Руанда жана Кампучия сыяктуу трагедиялар кайталанбашы үчүн эл аралык коомчулуктун чара көрүшү керектигин белгилеп, «Айрыкча санариптик платформалардын жана басма сөз жана медиа органдарынын таасири менен күч алган антиисламизм жана ксенофобияга эми «токто» деп айтылышы керек»,- деди.


Этикеткалар: #Холокост , #Эрдоган

Тектеш кабарлар